КОПЕРНИК
КОПЕ́РНИК Николай (19. 2. 1473, Торунь, – 24. 5. 1543, Фромборк) – поляк астроному, дүйнөнүн гелиоборбордук системасын түзүүчү. Краков университетинде (1491–1495) окуган. Билим алуусун Италиянын Болонья, Падуя, Феррара университеттеринде уланткан ж-а астрономиядан тышкары медицина, укук боюнча билим алган. 1503-жылы мекенине кайтып келген. 1512-жылы Фромборк шаарына көчүп келип, азыркы күнгө чейин сакталган өзүнүн обсерваториясында изилдөө

жүргүзгөн. Коперник мамлекеттик ишмер,чебер врач ж-а астроном катары белгилүү. Дүйнөнүн гелиоборбордук системасын түзүү анын көп жылдык эмгегинин үзүрү болгон. Аны м-н геоборбордук системадагы планеталардын кыймылы жөнүндө түшүнүксүз көз караштар чечмеленген. 1543-жылы «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» деген жыйнагы жарык көргөн. Ал өзүнүн жыйнагында, бардык астрономиялык маселелерди чечүүдө жетекчи идея катары алып чыгууга аракеттенип, Птолемейдин математикалык теориясын өркүндөтүүгө умтулган. К-тин тригонометриянын өнүгүшүнө кошкон салымы өзгөчө мааниге ээ. К-тин жыйнагындагы тригонометрияга арналган бөлүмү 1542- ж. өз алдынча алгачкы окуу куралы катары басып чыгарылган. Галилей ж. б. окумуштуулар К-тин окуусун улантып, өнүктүрө баштагандан кийин колдоого алынган. Айдагы кратер ж-а астероид К-тин ысмынан аталган.
Ад.: Гребеников Е. А. Н. Коперник. 2-е изд. М., 1982.