КООРДИНАТОГРАФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 1 Апрель (Чын куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООРДИНАТО́ГРАФ (координата ж-а –граф) – картага же жердин планына чекиттерди тик бурчтуу координаталары боюнча тез, так түшүрүүчү аспап. Ал XX абсцисса огунун милдетин атка­руучу сызгыч (бөлүкчөлөрдөн турган) бекитил­ген С станинадан (тактадан) турат. Ордината огуна дал келүүчү VV сызгычы абсцисса огун бойлой Б каретанын жардамы м-н ары-бери жылат. Ордината огу боюнча чекит саюучу ийнеси бар кичине карета M кошо жылат. Электрон­дук автомат координатограф эсептөөчү түзүлүш ж-а башкаруу­чу пульт экөө мурда даярдалган программа м-н негизги чекиттерди, ошондой эле координаттык тор­лордун сызыктарын чиет.