КООПЕРАЦИЯ
КООПЕРА́ЦИЯ (лат. cooper–tio – кызматташтык) – 1) бир же бир нече тыгыз байланышкан ж-а өз ара макулдашылган эмгек процесстерине бирге катышуучу ар түрдүү сандагы адамдардын кызматташтыгы. Кызматташтыктын мындай формасы экономикада эмгек кооперациясы деп аталат. Бир жактуу жумуш (жер иштетүү, түшүм жыйноо, курулуш) аткаруучу жөнөкөй кооперация ж-а эмгекти бөлүштүрүүгө негизделген татаал кооперация деп бөлүнөт; 2) ишмердиктин түрдүү жактарында белгилүү бир жетишкендиктерге ээ болуу үчүн жумушчулардын, кызматкерлердин, майда өндүрүшчүлөрдүн, дыйкандардын, менчик ээлеринин өз ара жардамдашуусунун уюштурулган ыктыярдуу бирикмеси. Өнөр жай ж-а айыл чарба кооперациялары, керектөө ж-а кредиттик өнөктөштүк, турак жай, курулуш кооперациялары ж. б. бар.