КОҢУР-ӨЛӨҢ МӨҢГҮЛӨРҮ
КОҢУР-ӨЛӨҢ МӨҢГҮЛӨРҮ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги 2 мөңгү (Чыгыш ж-а Батыш). Ак-Терек суусунун оң курамы – Коңур-Өлөңдүн башында жайгашкан. Ч ы г ы ш м ө ң г ү с ү н ү н узундугу 5,8 км, аянты 11,0 км2, абляциясынын аянты 6,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4760 м, этеги 3360 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3920 м. Куралуу аймагы эки ири мөңгүнүн биригишинен пайда болот. Этегинин калыңдыгы 25–30 мге жетет. «Тилинин» учу м-н азыркы моренанын аралыгы 35–40 м. Б а т ы ш м ө ң г ү с ү н ү н узундугу 3,5 км, аянты 5,8 км2, абляциясынын аянты 3,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4700 м, этеги 3440 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3900 м. Мөңгүнүн бети бир аз жантайыңкы, тегиз. Азыркы этек моренадан 2 км төмөндө дагы мореналардын үйүлүп жатышы мөңгүнүн акырындык м-н тартылып бараткандыгына күбө. Мөңгүлөрдөн Коңур-Өлөң суусу башталат.