КОНЦЕНТРАЦИЯЛЫК ЛАГЕРЛЕР
КОНЦЕНТРАЦИЯЛЫК ЛАГЕРЛЕР – 1) эл коргонуу үчүн колдонулган жай. Англия-бур согушу (1899–1902) мезгилинде лорд Китченер тарабынан түзүлгөн. Китченер өзү жүргүзгөн «жерди өрттөө саясатынан» бурлар, негизинен аялдар ж-а балдар сактанып, концентрациялык лагерге жашынууга аргасыз болгон. Концентрациялык лагерлер 2 түрдүү болгон: жумушчу лагерлери (туткундардан жумушчу командалар түзүлгөн) ж-а жок кылуу лагерлери. 1919-жылы Ленин падышалык Россиянын сүргүн системасын кеңейткен. 1930-жылы өзгөрүлгөн ат м-н ГУЛАГ (түзөтүү эмгек лагеринин башкы башкармалыгы) түзүлгөн. Сталиндик репрессия убагында 15 млнго жакын адам ГУЛАГга камалып, алардын көбү оорудан ж-а ачкадан өлгөн же атылып кеткен; 2) н е м и с т и к - ф а ш и с т т и к концентрациялык лагерлер Германияда 1933-жылы гитлерчилер бийликке келгенден кийин, фашисттик режимге каршы чыккандарды куугунтуктоо үчүн түзүлгөн. 1934-жылдан концентрациялык лагерлерди ССтин органдары башкарып ж-а коргоп турган. 1938–39-жылдарда концентрациялык лагерлер системасы фашисттик Германия басып алган өлкөлөрдө курулуп, ал өлкөлөрдүн элине каршы репрессия м-н геноциддин куралына айланган. Газ камералары ж-а крематорийлер м-н жабдууланган Бухенвальд, Заксенхаузен, Освенцим, Майданек, Треблинк ж. б. концентрациялык лагерлерде СССР, Польша, Франция, Бельгия, Нидерланд, Чехословакия, Югославия, Румыния, Венгрия ж. б. өлкөлөрдүн 11 млндон ашуун жарандары жок кылынган. Учурда мурдагы концентрациялык лагерлердин аймактарында музейлер, эстеликтер тургузулуп, тирүү калган туткундардын жолугушуулары болуп турат.
Ад.: СС в действии. Документы о преступлениях СС. М., 1969.