КОНТРРЕВОЛЮЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:59, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРРЕВОЛЮ́ЦИЯ – революцияга тикеден-тике каршы турган процесс; кулаган (же кулай турган) таптын социалдык революцияяга каршы жасаган ара­кети. Контрреволюция күнү бүткөн коомдук ж-а мамлекеттик түзүлүштү сактоого же кайра орнотууга багытталат. Айрым учурда революция контрреволюциядан жеңилип да калат (мисалы, Германиядагы 1848–49-жылдардагы революция, 1871-жылкы Париж Коммунасы ж. б.). Эгер айыгышкан күрөштүн натыйжасында реак­циячыл күчтөр талкаланса, революция толук жеңишке жетишет (Улуу Октябрь социалисттик революциясы, Куба революциясы ж. б.). Контрреволюция – коомдук ж-а мамлекеттик түзүлүштү жаңыртуу же сактап калуу ж-а со­гуш аракеттери м-н рев-янын жүрүшүн, жы­йынтыктарын артка буруу же жок кылууга ба­гытталган күрөш. Көптөгөн революциялык теория­лар боюнча контрреволюциянын же реакциянын күчтөрү кайсы чет өлкөлүк мамлекеттин таасиринде болсо, анын жардамы м-н кайра бийликке келиши мүмкүн. Контрреволюциянын куралдуу каршылык, жарандык согуш, кутум ж. б. формалары болот.