КОНТЕКСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТЕ́КСТ – көркөм чыгарманын мааниси жагынан байланышта, биримдикте турган, үзүп алууга мүмкүн болбогон бөлүгү. Адабий чыгарманы талдоодо контекстке чоң маани берилет. Контекст өзүнчө бир фразада, строфада, абзацта гана бир ойдун бүтүндүгүн түзбөстөн, көркөм тексттин бүткөн туруш-турпатын жаратат. Ошондуктан белгилүү бир сөздү же фразаны өзүнчө бөлүп албай контекстте гана түшүнүп, талдоого болот. Автордун пикири, каармандардын сөздөрү контекстке байланыштырылып текшерилбесе, автордун сөзү м-н каар­мандын сөзү чаташып кетиши мүмкүн. Тексттен цитата алган учурда да сөздөрдү, фразаларды бөлүп албастан, анын маанилүү бөлүгүнүн баарын алуу керек.