КОНСУЛЬТАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСУЛЬТА́ЦИЯ (лат. сonculto – маектешүү, талкуулоо, кам көрүү) – 1) кандайдыр бир маселе боюнча адистин кеңеши; 2) билим берүүдөгү, квалификацияны өркүндөтүүдөгү окуу сабагынын бир түрү. Бул учурда консультация окутуучу м-н окуучунун аңгемелешүүсү түрүндө жүргүзүлөт. Консультация окуу материалдарын семинар, реферат, коллоквиум, экзамен, курстук ж-а дипломдук ишке, ошондой эле өндүрүш практикасына даярдоодо өткөрүлөт; адистердин кеңеши аркылуу жардам көрсөтүүчү мекеме.