КОНОВАЛОВ ЗАКОНДОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 27 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНОВА́ЛОВ ЗАКОНДОРУ – бууланган эки заттан турган суюк эритменин курамы м-н анын каныккан буусунун курамы ж-а басымынын байланышы жөнүндөгү закондор. 1881–84-жылдарда орус химиги Д. П Коновалов негиздеген. Биринчи закон: а) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын, эритменин буусунун басымы чоңоёт; б) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин буусунун басымы азаят; в) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин кайноо температурасы азаят; г) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын эритменин кайноо температурасы чоңоёт. Экинчи закону: экстремум че­киттеринде буунун басымы изотермиялык шарт­та же кайноо температурасы изобаралык шартта буунун ж-а суюктуктун курамы бирдей. Коновалов закондору буулантуу, реактивдештирүү ишинде чоң мааниге ээ.