КОНКОРДАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:11, 27 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНКОРДА́Т (лат. concordatum – келишим) – католик чиркөөсүнүн башчысы катары Рим папасы м-н кайсы бир мамлекеттин ортосундагы мамлекеттеги католик чиркөөсүнүн укуктук абалын ж-а милдеттерин жөнгө салуучу келишим. Конкордат алгач 1122-жылы 23-сентябрда Вормста (Германия) рим папасы Каликс II м-н герман императору Генрих Vнин ортосунда түзүлүп, бул келишим инвеститура (жарандык бийликтин жогорку дин кызматкерлерин дайындашы ж-а диний наам ыйгарышы) үчүн күрөштү токтоткон. Ошондой эле Болон конкордаты (1516), папа Пий VII ж-а Наполеон конкордаты (1801), Рим папасы м-н Муссолининин фашисттик өкмөтү (1929), гитлердик Германия (1933) ж-а Франко Испаниясы (1953) конкордаттары түзүлгөн.


Ад.: Лаврецкий И. Р. Ватикан, М., 1957; Шейн­ман М. Ватикан между двумя мировыми войнами, М.; Л., 1948.