403-бет 2-бөлүк

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

403-бет 2-бөлүк

двиль (азыркы Киншаса) шаарында ири өнөр жай борборлору пайда болгон. 1920–50-жылдары БКнын көз карандысыздыгын талап кылган улуттук-боштондук кыймыл күчөп, диний-саясий кыймылдар, секталар ж-а партиялар пайда болгон. 1959-жылы Леопольдвиль калкы антиколониялык көтөрүлүшкө чыккан. 1960-жылы Бельгия өкмөтү БКга көз карандысыздыкты берүү жөнүндө билдирген. 1960-жылы 30-июнда көз карандысыз Конго Республикасынын (РК) түзүлүшү жарыяланган. Анын президенттигине Ж. Касавубу, премьер-министрлигине П. Лумумба шайланган. 1960-жылы 5-июлда П. Лумумбанын жүргүзгөн көз карандысыз саясатына каршы аскер төңкөрүшү уюшулуп, 5-сентябрда ал кызматтан кеткен. 1961-жылы августта С. Адула жетектеген РКнын жаңы өкмөтү түзүлгөн. 1962–63-жылдарда Түштүк Касаи ж-а Катанга РКга кошулган. 1964-жылы 1-августта өлкөнүн Конститу­циясы күчүнө кирип, федеративдүү мамлекеттик түзүлүш орногон. РК Конго Демократиялык Республикасы (КДР) деп аталган. 1965-жылы 24-ноябрда мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келген Конго улуттук армиясы­нын башкы штабынын начальниги С. С. Мобуту бардык саясий партия ж-а уюмдардын ишине (1967-ж. түзүлгөн «Элдик революция кыймылы» партиясына гана уруксат берген) тыюу салган. 1960–70-жылдары «накта заирдик улутчулдук» расмий доктрина кабыл алынган. 1971-жылы 27-октябрда ДРК Заир Республикасы (ЗР) деп аталган, бирок Мобуту өкмөтү өлкөнүн экономикасын өзгөртө алган жок. 1996-жылы ЗР өкмөтүнүн макулдугу м-н куралдуу руанд хуту отряды өлкө­нүн чыгыш райондорун басып алып, жергиликтүү тутси урууларын (баньямуленге) кырышы жарандык согушка (1996–97-жылдардагы 1-Конго согушу) алып келген. Л. Д. Кабила жетектеген Конго-Заир боштондугу үчүн альянс демократиялык күчү (КЗБАДК) Мобуту өкмөтүнө каршы чыккан. Көтөрүлүшчүлөргө тутсилер кошулган. 1997-жылы майда КЗБАДК отрядынын Киншасага кириши м-н Мобуту бийликтен кеткен. Бийлик Кабилага өтүп, өлкөгө Конго Демократиялык Республикасы (КДР) деген ат кайтарылган. Жаңы президенттин саясаты жаңы жарандык согуштун чыгышына (1998–2002-жылдардагы 2-Конго согушу) алып келген, ага коңшу мамлекеттер кошулган. 1999-жылы июлда Лу­сака (Замбия) шаарында согушту токтотуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн 1999-жылы 30-ноябрда БУУнун коопсуздук кеңеши КДРге БУУнун миссиясын уюштурган. 2001-жылдын башында Л. Д. Кабила өлтүрүлүп, өлкөнүн президенттигине анын уулу Ж. Кабила шайланган. 2002-жылы июлда Претория (ТАР) шаарында КДР м-н Руанда, сентябр­да Луанда (Кения) шаарында КДР м-н Уганданын ортосунда тынчтык келишим түзүлгөн. 2003-жылы 2-апрелде КДР өкмөтү, саясий партиялар ж-а оппозициялык куралдуу топтордун ортосунда Конгодогу кризисти жөнгө салуу саясаты жөнүндө сүй­лөшүүлөр жүргүзүлгөн. 2004-жылы Конгодо көп партия­луу система киргизилген, 2005-жылы декабрда КДР конституциясы кабыл алынган. 2006-жылы президенттик шайлоодо Ж. Кабила жеңишке жеткен. Чарбасы. КДР – тропиктик Африка өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык потенциалы зор өлкө. 1970-жылдардын ортосунан өлкөнүн экономикасы терең кризиске дуушарланган, ал ички саясаттын туруксуздугуна байланыштуу ого бетер тереңдеген. Көмүскө бизнес, табигый ресурстарды мыйзамсыз иштетип, сыртка сатуу күчөгөн. Мамлекеттик бюджеттин дээрлик 60%и сырткы булактардын (Европа Союзуна кирген өлкөлөрдүн, АКШнын, КЭРдин ж-а эл аралык уюмдардын – ЭВФ, Бүткүл дүйнөлүк банк ж. б.) эсебинен түзүлөт. Узакка созулган кризистен чыгуу тенденциясы 2000-жылдын ортосунан гана байкала баштады. ИДПнин реалдуу өнүгүүсү 2008-жылы 6,3%ти түздү. Өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу багыты катары өнөр жай ишканаларын (анын ичинде энергетикалык объектилерди кошо), айыл чарба өндүрүшүн калыбына келтирүү, транспорттук инфраструктураны түзүү, жакырчылыкты жоюу жарыяланган. ИДПнин көлөмү 18,8 млрд доллар (2007), аны киши башына бө­лүштүргөндө 300 доллардан туура келет. Адам­зат өнүгүүсүнүн индекси 0,411 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 168-орунда).

Кен байлыктарды казып алуу (минералдык-сырьёго бай базанын негизинде) ж-а минералдык сырьёлорду алгачкы иштетүүдөн өткөрүү ИДПнин 10,4%ин ж-а түшкөн валютанын 80%ке жакынын түзөт. Казылып алынган маанилүү кендер: кобальт (Катанга провинциясында), жез (Катанга), алмаз (Батыш ж-а Чыгыш Касаи, Экватордук; Төмөнкү Конго, Чыгыш, Маниема), алтын (Чыгыш), күмүш, цинк, ка­лай, германий, тантал. О. эле нефть (жээк бөлүгүнөн ж-а шельф зонасынан) ж-а көмүр (Катан-

Жез казып алуу. Катанга провинциясы.

га провинциясында) казылып алынат. К. энергетикалык потенциалы (100 миң МВт) б-ча Тропиктик Африкада алдынкы орунду ээлейт. Жылына 7,3 млрд кВт.с электр энергиясын өндүрүп, ички муктаждыкка 5,3 млрд кВт.с керектелет. Электр энергиясынын негизги бөлүгү Конго д-ндагы Inga гидроэнергетикалык комплексинен өндүрүлөт (аныкталган кубаттуулугу 39 миң МВт).

Иштеп чыгаруучу ө. ж-н химия (жер семирткич, пластмасса, күкүрт к-тасы, лак-боёк ж. б.), текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш (ун, пиво, май), тактай тилүү, курулуш материалдар ө. ж. тармактары түзөт. Өлкөнүн негизги ө. ж. борбору болгон Киншасада автомобиль чогултуучу, кеме куруучу, кеме ремонттоочу, металл иштетүүчү ишканалар бар.

Конгонун акчасы – франк.

Өлкө аймагынын 3%ке жакын жери иштетилет, жайыты 6%. Май пальмасы, о. эле бал камыш, кофе, пахта, какао, гевея, чай плантацияларынын мааниси зор; ички муктаждык үчүн маниок, плантейн, жүгөрү, жер жаңгак, күрүч, картөшкө, ак жүгөрү, таруу, о. эле папайо, манго, ананас, апельсин, авокадо өстүрүлөт. Мал чарбасы трипаносомоздордун кеңири таралгандыгына байланыштуу анча өнүккөн эмес. 2004-ж. 4016 миң эчки, 957 миң чочко, 899 миң кой, 758 миң бодо мал болгон, 220 миң т балык кармалган. Токой ресурсу аз пайдаланылат (2006-ж. 65,2 миң м3 жыгач даярдалган). Баалуу дарактар (тик, кара дарак) экспорттук өзгөчө мааниге ээ. Автомобиль жолунун жалпы уз. 153,5 миң км, т. ж. 5,1 миң км (2006). Т. ж. аркылуу Дар-эс-Салам (Танзания), Лобити (Ангола), Замбия, Зимбабве, Мозамбик ж-а ТАР м-н байланышат. Дарыя жолунун жалпы уз. 15 миң км. Ири порттору: Банана, Бома, Бумба, Матади, Киншаса, Мбандака, Кисангани, Кинду. Нефть куурунун уз. 71 км, газ куурунуку 62 км (2007). 237 аэропорту бар; эл аралык аэропорттору Киншаса, Лубумбаши, Букаву, Гома, Кисангани ш-нда жайгашкан. Экспортко алмаз, жез, нефть, кобальт, жыгач, а. ч. продукцияларын ж. б. чыгарат. Негизги соода кардарлары: Бельгия, Кытай, Бразилия, Чили, Финляндия, АКШ, Пакистан. Машина ж-а жабдууларды (тоо кен-шахта, транспорт каражаттары), отун, азык-түлүктү негизинен ТАР, Бельгия, Франция, Зимбабве, Замбия, Кения, Кот-д–Ивуардан сатып алат.

Маданияты

. Билим берүү системасы мектепке чейинки (3–5 жаш), башталгыч (6 жыл) ж-а орто (2 жыл толук эмес ж-а 4 жылдык толук жалпы же кесиптик) жогорку билим берүүнү камтыйт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 67%ти түзөт. Негизги ЖОЖдору, ил. мекемелери, музейлери, китепканалары Киншаса ш-нда жайгашкан.
К-до ар жумада француз, суахили ж-а лингала тилинде «L´Avenir» (1996), француз тилинде «Le Potentiel» (1982) ж. б. гезиттер чыгат. 1936- жылдан радио уктуруу, 1966-жылдан телекөр­сөтүү иштейт. Улуттук маалымат агенттиги – Agence Congolaise de Pzesse (ACP; 1960-жылдан). К. а д а б и я т ы 1920-жылдары калыптана баштап, француз тилинде өнүккөн. Лингала, конго, луба тилинде ад-т пайда болгон. 1945-ж. «Голос конголезца» журналы негизделген. 1940-жылдары Д. Мутомбонун («Сүйүүнүн жеңиши», 1943; «Биздин бабалар», 1948), П. Ломами-Чибамбенин («Крокодил», 1948) повесттери белгилүү болгон. 1970-жылдары проза жанры өнүгө баштаган. Н. Мбаланын «Эки өмүр, жаңы мезгил» (1970) романы, «Бандоки-сыйкырчы» (1971), «Почта отркытка» (1974), Б. Заменганын «Жети бир тууган жана карындашы» (1975) ж. б. повесттер ж-а аңгемелер (И. Л. Мудаба ж. б.) жазылган. 1980–90-жылдары Нганду Нкашаманын

Конго элинин бет кеби. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башы.

экспрессионисттик үлгүдөгү романдары ж-а повесттери жарык көргөн. Драматургияда тарыхый ж-а калктын жашоо-турмушун чагылдыр­ган пьесалар жаралган. 20-к-дын аягында К. драматургиясына фр. эксизтенциализм ж-а европ. ад-ттын таасири тийген. 20-к-дын 2-жарымында К. поэзиясында саясий, сүйүү ж-а табият темаларын камтыган лирикалар өнүккөн. К. аймагында аска бетине тартылган сүрөттөр (неолит дооруна таандык) сакталып калган. К. элдеринин көркөм өнөрү байыртадан өнүк­көн. Жыгач скульптура, чопо идиш, жыгач, темир ж-а жез кооздуктарын, ар кандай буюм, эмгек куралдарын ж. б. жасашкан. Турак жайлары тегерек же чарчы планда, терезелери жок курулуп, үстү конус түрүндө жалбырактар же бутактар м-н жабылып, сырты геом. оймо-чиймелер же символикалык сүрөттөр м-н кооздолгон. 1964-ж. Киншаса, Катанга провинциясында, Түн. ж-а Түш. Кивуда иск-во ж-а сүрөт чеберчилиги борборлору ачылган. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Киншаса, Мбандака, Мата­ди ж. б. шаарлар пайда болуп, бельгиялык ж-а европ. архитекторлордун долбоору б-ча көп кабаттуу имараттар тургузулган.

20-к-дын 1-жарымынан профессионалдык сүрөт өнөрү өнүгө баштаган. К. аймагындагы ба­йыркы муз. мад-т эстеликтери (археол. казмалардан табылган муз. аспаптар) 8–9- ж-а 12–14-к-га таандык. 16–17-к-да сүйүү, аскер, аңчылык ж-а аза ырлары жаралган. Барабан бий­ликтин символу катары эсептелген. Пигмей мбутилердин эң байыркы вокалдык салттары колдонулган. Башка элдерде түрдүү муз. аспаптар кеңири таралган. 1930–60-жылдары гитара, үйлөмө аспаптар оркестрлери уюшулган. 20-к-дын ортосунан латын-амер. муз.-бий үлгүсү (румба, ча-ча-ча, чаранга, патачанга, мамбо, меренге) К. музыкасынын өнүгүшүнө таасири тийип, гитара, саксофон, кларнет, флейтаны ж. б. камты­ган вокалдык-аспаптык ансамблдер пайда бол­гон. 20-к-дын аягында гитара ж-а барабандан турган ансамблдер көбөйгөн.
К-нун көптөгөн фольклордук ансамблдери эт­ностук топтордун байыркы бий салттарын сактап келүүдө. Бийчи бийлегенде кол чаап, катуу кыйкырып, таңдайларын такылдатып, денесин алаканы м-н чапкылап, бат-баттан кыймылдап бийлейт. Колдору ж-а буттарына шыңгыраган билерик, шакектерди кийип, белине юбка сымал жамынма тагынып, бетине маска кийишет. 2000-жылдардагы белгилүү фольклордук ансамбль Б. Мавинга жетектеген «Масиналык жаш ырчылар ж-а бийчилер» тобу. 19-к-дын аягында бельгиялык колониячылардын келиши м-н К. драмалык театры калыптана баштаган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин театр өнөрү өнүккөн. Өлкөнүн ири шаарларында – Леопольдвиль (азыркы Киншаса) м-н Элизабет­вилде (азыркы Лумумбаши) европ. үлгүдөгү театр труппалары пайда болгон. 1960-жылдар­дын башында Африка театр союзу түзүлгөн. 1967-ж. Киншасада Музыка ж-а драма өнөрү­нүн улуттук академиясы негизделип, 1971-ж. Улуттук иск-во ин-ту түзүлгөн. 1960-жылдардын 2-жарымында «Мвондо» (Катанга пров.), «Миль» (Матадиш), «Театр ла Коллин» (Киншаса) ж. б. театрлар белгилүү болгон. К. театр өнөрү 2 багытта (классикалык ж-а элдик) өнүгүп жатат.


Ад.: Ляховская Н. Д. Поэзия Западной Африки. М., 1975; Искусство народов Африки. М., 1975; Львова Э. С. Этнография Африки. М., 1984; Страны Африки 2002. Справочник. М., 2002; Винокуров Ю. Н. Демократическая Республика Конго. Власть и оппозиция. М., 2003.