КОМПЛЕКСТҮҮ САНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:26, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЛЕКСТҮҮ САНДАР – z=x+iy түрүндөгү сандар; мында x ж-а y чыныгы сандар, i= -1 мнимый бирдик. x – чыныгы, y – жалган (мни­мый) бөлүгү. Комплекстүү сандар м-н болгон амалдар i2=–1 шар­ты эсепке алынып, чыныгы сандар м-н болгон амалдардай эле аткарылат, комплекстүү сандардын тобу алгебралык касиеттери боюнча сан талаасын түзөт. Комплекстүү талаада n-даражадагы ар кандай алгебралык теңдеме­нин n чыгарылышы болот (тамырлардын эсеп­түүлүгүн кошо эсептегенде). z=x+iy комплекстүү сандар геомериялык түрдө тегиздикте абциссасы x ж-а ординатасы y болгон М чекитин же ошол чекитти коорди­ната башталмасы м-н бириктирген ОМ векторун билдирет (к.чийме). Бул чиймеден комплекстүү сандардын три­гонометриялык z=х+iy=r(соsj+sinj) же уюл коор­дината х=r cosj, y=r sinj формуласы келип чыгат жана x=z+

+iy=r (cosj + sinj) экендиги келип чыгат. Мында r =

x + y анын аргументи деп аталат. Аргумент­ барабардыктарынан аныкталат. z=x+iy, z=x–iy комплекстүү тү­йүндөш сандар. Комплекстуу сандар физикада, техникада ж-а география карталарды түзүүдө ж. б. тармактарда ке­ңири колдонулат.