КОМПТОН ТОЛКУН УЗУНДУГУ
КО́МПТОН ТОЛКУН УЗУНДУГУ – узундук ченине ээ ж-а релятивдик квант эффектисинин пайда болуу облусун билдирүүчү чоңдук. Бөлүкчөнүн массасы m ж-а универсалдык турактуулар h, c аркылуу туюнтулат: Aк=h/mc, мында h – планк турактуулугу, с –вакуумдагы электр-магниттик толкундун ылдамдыгы, m – бөлүкчөнүн массасы. Aк комптон эффектисиндеги электр-магниттик толкундун электрондон (протондон) чачырагандагы толкун узундугунун өзгөрүшүн (–A) мүнөздөйт. Электрон үчүн A::3,9.10–11 см, протон үчүн A::2,1.10–14 см.
Комптон толкун узундугу кванттык релятивдик процесстери сезилерлик болгондогу талаалардын мейкиндиктик бир тектүү эместигинин масштабын ж-а виртуалдуу бөлүкчө өзүнүн пайда болгон чекитинен канча аралыкка алыстай ала тургандыгын көрсөтөт. Ошондуктан ядролук күчтөрдүн аракет этүү радиусу (виртуалдуу адрондордун эң эле жеңили – p-мезондор м-н аныкталат) чоңдугун тартиби боюнча Комптон толкун узундугуна барабар. Электрон-позитрон виртуалдуу жубунун пайда болушунун эсебинен боштуктун уюлдануусу электрондук комптон толкун узундугундай аралыкта байкалат.