КОМПРЕСС
КОМПРЕ́СС (лат. compressus – кысылган) – дарылоо максатында колдонулуучу атайын таңуу. Компресс кургак, нымдуу ж-а жылытуучу болуп бөлүнөт. Кургак компресс ооруган, жараланган же күйгөн жерди тышкы чөйрөнүн таасиринен сактоо ж-а жарадан чыккан ириң-канды сордуруу үчүн көбүнчө кебезден жасалат. Нымдуу компресс жылытуучу же муздатуучу болуп айырмаланат. Жылытуучу компресс сезгенүү процессинде ооруну басаңдатуучу, ошондой эле дарылоо каражаты катары колдонулат. Ал кан тамырларды кеңейтүү м-н дененин керек жерине кандын келишин жакшыртат. Анын таасирин күчөтүү үчүн бинттин үстүнө жылыткыч койсо болот. Жылытуучу компрессте чүпүрөк жарымына суу кошулган арак же спиртке чыланат. Ысык компресс ооруну басып, сезгенүүгө каршы ж-а алаксытуучу таасир берет. Ал булчуң, муун ж. б. ооруганда, ошол жерди ысытуу үчүн колдонулат. Муздак компресс катуу урунууда, мурун канаганда ж. б. коюлат, ооруну басаңдатып, ооруган жерге кандын келишин азайтат.