КОМПЛЕКС
КО́МПЛЕКС (лат. complexus – байланыш, айкалыш) – комбинаторика топологиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Комбинаторика топологиясында геометриялык фигураларды элементардык фигураларга бөлүп кароо негизги ролду ойнойт. Геометриялык фигураларды симплекстерден, башкача айтканда 3 өлчөмдүү мейкиндиктеги чекиттерден, кесиндилерден, үч бурчтуктардан ж-а тетраэдрлерден турат деп кароо ыңгайлуу. Евклид (же гильберт) мейкиндигинде жайгашкан ж-а төмөнкүдөй касиетке ээ болгон кандайдыр бир симплекстердин чектүү көптүгү комплекс болот; бул көптүктүн эки симплекси же алардын жалпы чекиттеринин тобу эки симплекстин жалпы граны боло алат.