КОМПЕНСАТОР
КОМПЕНСА́ТОР (лат. compenso – ордун толтуруу, тең салмактоо) т е х н и к а д а – ар түрдүү факторлордун (температура, басым, абал ж. б.) курулушка, системаларга, машиналарга, приборлорго тийгизген таасиринин ордун толтуруу ж-а теңдөө, же болбосо ал факторлорду ченөө ж-а жөнгө салуу (мисалы, оптикалык компенсатор), аныктоо үчүн колдонулуучу түзүлүш. Компенсатор кыймылсыз ж-а кыймылдуу болот. Кыймылсыз компенсаторго ызгыт (прокладка), алкак, номиналдык өлчөмдөн четтөөнү жөнгө салуучу тетиктер ж. б. кирет. Кыймылсыз компенсатор катыгандан кийин керек тетиктин абалына келет ж-а макеттерди, технологиялык каражаттарды даярдоодо колдонулат. Кыймылдуу компенсатор мезгилдүү же үзгүлтүксүз иштеши мүмкүн. Мезгилдүү компенсатордо жөнгө салуучу буралмалар (винттер), күпчөк ж. б. тетиктер жылганда ж-а бурулгандагы четтөөнү жөнгө салат. Үзгүлтүксүз компенсатордо кош шарнир (Гук шарнири), сильфон ж. б. тетиктер автоматтык түрдө жөнгө салуу үчүн пайдаланылат. Ар кандай жылуулук режиминде иштечү машиналарда (мисалы, ичинен күйүүчү кыймылдаткычта) жылуулук деформациясынын таасиринен сактайт. Туюк суюктук системасында, компенсатор суюктуктун температурасынын өзгөрүшүндө туруктуу басымды камсыз кылат. Э л е к т р - т е х н и к а д а компенсатор электр түйүндөрүндөгү чыңалууну жөнгө салат. Компенсатор колдонулушуна жараша көп түргө бөлүнөт. Компенсаторду колдонуу айлануучу валдардын ортосунда кыймыл берүү ж-а нормада иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл. Компенсатордун машиналарга киргизилиши массалык өндүрүш процессин жеңилдетип, чогултуу ишинде деталдарды жеке эп келтирүүнү азайтып, өндүрүш-эксплуатациялык чыгымдарды төмөндөтөт.