КОМПАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́МПАС (нем. kompass, итал. compasiare – ка­дам ченөө) – бир орунда туруп, дүйнө жүзүнүн туш тарабын (багытын) аныктоочу аспап. Өз ичинен магниттүү, гироскоптуу, астрономиялык, радиоком­пас болуп бир нече түрлөргө бөлүнөт. М а г н и т т ү ү компас түз, туруктуу магнит жебеси же тогу бар катушка Жердин магнит талаасы м-н

Магниттүү компас.

аракетке келгенде, меридианды бойлоп түндүк, түштүк багытты көрсөтүшүнө негизделген. Г и р о ­с к о п т у у компас тез айлануучу ротордун багы­тын өзгөртпөй, меридиан тегиздигинде сактап турат. А с т р о н о м и я л ы к компас Күнгө багытталып, географиялык меридианды аныктайт. Р а д и о к о м п а с т а радио кабылдоочу түзүлүш м-н радиомаяк багытты автоматтуу жазып алат. Компас деңизде сүзүү, авиация, согуш иши, саякатка чыгуу, геология, топография ж. б. тармактарда колдонулат.