КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАР
КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАР (англ. commercial clearing bank) – келишимдик шартта кредиттик эсептик ж-а банктык башка юридикалык ж-а жеке жактарды операциялар ж-а кызмат көрсөтүү аркылуу тейлөөчү универсалдык типтеги кредиттик мекемелер. Коммерциялык банктар төмөнкү негизги милдеттерди аткарат: 1) акча салымдарын кабыл алат ж-а жайгаштырат; 2) кредиттерди тартат ж-а берет; 3) кардарлардын ж-а банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептерди ж-а аларды кассалык тейлөөнү жүргүзөт. Коммерциялык банктар ишке ашыруучу операциялар пассивдүү ж-а активдүү деп бөлүнөт. Пассивдүү операциялар – депозиттерди кабыл алуу, акцияларды, облигацияларды, башка баалуу кагаздарды сатуу жолу м-н акча ресурстарын тартуу. Активдүү операциялар – кредиттерди берүү, акцияларды ж-а баалуу кагаздарды сатып алуу аркылуу акча ресурстарын жайгаштыруу. Коммерциялык банктар кош максатты көздөйт: 1) кардарлар акчасын кайтарып алуу талабын канааттандыра алгыдай абалда болуу; 2) өз каражаттарын пайдалуураак чөйрөгө салуу. Активдердин бир бөлүгү тез өтүмдүү формада сакталат. Бул активдер кардарлар акчасын кайтарып алууга алардын бардык эле кечиктирилгис талаптарын коммерциялык банктардын аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзөт, бул өз кезегинде калктын коммерциялык банктарга болгон ишенимин арттырат. Коммерциялык банктардын активдеринин башка бөлүгү мамлекеттик баалуу кагаздарга ж-а белгиленген проценти м-н жеке менчик корпорацияларга портфелдик инвестициялардан, ошондой эле ссудалардан пайда алуу максатында пайдаланылат. Кыргызстанда бир нече коммерциялык банктар («Кыргызстан», «Экоисламикбанк», «Доскредобанк», «Аманбанк» ж. б.) иштейт.