КОМИЦИЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИЦИЙЛЕР (лат. comitia – чогулам) – Ба­йыркы Римде мыйзам кабыл алып, согуш ж-а тынчтык маселелерин чече турган кызмат адам­дарын шайлай турган элдик чогулуш. Комицийлердин 3 түрү болгон. Куриялык комицийлер – куриялар боюнча пат­рицийлердин чогулушу. Аны адегенде интеррекс­тер ж-а падышалар (б. з. ч. 8–6-кылымдарда) чакырып, падышаны шайлоо, согуш, тынчтык ж. б. ма­селелерди чечүү үчүн өткөрүлгөн. Республикалык доордо комицийлердин башка түрлөрү пайда болгон соң, анын саясий мааниси жоголгон. Центуриялык комицийлер – центуриялар боюнча плебей ж-а патрицийлерди бириктирип өтүлгөн чогулуш. Центуриялык комицийлер согуш ж-а тынчтык, жогорку магистрат­тарды шайлоо маселелерин чечип, сот милде­тин аткарган. Аны жогорку магистраттар Марс талаасында өткөргөн. Трибалык комицийлер – триба-ду­бан аймактары боюнча бардык жарандардын чогу­лушу. Аны чогулуштарда элдик трибундар ж-а плебей эдилдери шайлаган. Плебей м-н патри­цийлердин күрөшүнүн натыйжасында б. з. ч. 287-жылдан Гортензия мыйзамы боюнча алар мый­зам чыгаруу, соттук ж-а магистраттарды шай­лоо бийлигин алып, элдик чогулуштун бир түрү болуп калган. 1-кылымдын аягында комицийлер маанисин жоготкон.