КОМИНТЕРН (Ноокен районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИНТЕ́РН , Н а з и р – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Ноокен айыл окру­гуна караштуу. Бишкек – Ош автомобиль жо­лунун ж-а Масы суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 615 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 15 км батыш тарапта. Тентек- Сай темир жол бекетинен (Өзбекстан) 20 км. Калкы 3527 (2007); негизинен дыйкан ж-а фермер чар­баларында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, ФАП бар.