КОМЕНДАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМЕНДА́НТ (фр. commandant – командир, башчы) – 1) ар түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү жооптуу кызмат адамы (офицер же генерал). 16-кылымдан чеп гарнизонунун начальни­ги комендант деп аталган. Россияга комендант кызматын (об­лустун башкаруучусу комендант, провинцияныкы обер- комендант) 18-кылымдын башында Пётр I киргизген. 1715- жылдан гарнизондун начальниги, кээде (обер- комендант) вице-губернатор кызматын аткарган. Ки­йинчерээк шаардык комендант пайда болуп, коомдук жайларда, көчөдө аскер кызматкерлеринин ас­кер тартибин сакташын камсыз кылып, гарни­зондогу кароол ж-а күзөт кызматын уюштуруп, анын туура аткарылышына жооп берген; 2) бир мекемеге же окуу жайына тиешелүү үйдүн (жа­такана) чарба башкаруучусу.