КОМБИНАТОРИКА ГЕОМЕТРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМБИНАТО́РИКА ГЕОМЕТРИЯСЫ – матема­тиканын фигуралар системаларынын комбина­тордук мүнөздөгү экстремалдык касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Бул маселе томпок көптүктөр­дүн оптималдуу иретте жайгаштырылышы м-н тыгыз байланышкан. Мисалы, 13 ш а р жөнүндөгү маселе: евклид мейкиндигиндеги шарга барабар бардык шарлардын максималдуу саны канча? Бул суроого 1611-жылы И. Кеплер 12 деп жооп бер­ген. Бирок так чыгарылышын голландиялык математик Б. Л. Ван-дер-Варден 20-кылымдын ортосунда далил­деген. Комбинаторика геометриясында математиканын ар кандай тар­мактарындагы (топология, функциялык ана­лиз, графтар теориясы ж. б.) ыкмалар колдо­нулат. Комбинаторика геометриясы дискреттик геометрияга ж-а том­пок көптүктөр теориясына жакын.


Ад.: Яглом И. М. О комбинаторной геометрии. М., 1971; Болтянский В. Г., Солтан П. С. Комбинаторная геометрия различных классов выпуклых множеств. Киш., 1978.