КОМАНДОР АРАЛДАРЫ
КОМАНДО́Р АРАЛДАРЫ Тынч океан м-н Беринг деңизинин чегинде. Камчатка крайында. Аянты 1,8 миң км2. Бийиктиги 755 мге чейин. Төрт аралдан турат: Беринг, Медный, Топорков ж-а Арий Камень аскасы. Кристаллдык тоо тектерден түзүлгөн. Рельефине жапыз кырка тоолор ж-а массивдер мүнөздүү; алардын капталдары тик келип, дарыя, агын суулардын капчыгайлары м-н өтө тилмеленген. Жер титирөө болуп турат. Климаты субарктикалык океандык. Кышы жылуу, нымдуу, кар арбын түшөт, жайы салкын, бүркөк, катуу шамал болот. Августтун орточо температурасы 10°С, февралдыкы –4°С. Жылдык жаан-чачыны 1500 ммдей. Океан шалбаасы ж-а тоо тундрасы басымдуу; айрым өрөөндөрүндө жапалак тал, четин, таш кайың өсөт. Тыбыттуу ит балыктын, ышкырыктуу суу жолборстун жатагы; жээктери канаттуулардын түнөгү. Деңиз промысели, аңчылык чарбасы бар. Калктуу пункту – Никольский (Беринг аралында). 1741-жылы Командор аралдарында алгачкы жолу болгон капитан-командор В. Берингдин экспедициясынын урматына аталган.