КОЛЫМА ТАЙПАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 23 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЫМА́ ТАЙПАК ТООСУ , Г ы д а н негизи­нен Магадан облусунун аймагында, Түндүк-Чыгыш Сибирде жайгашкан. Сунтар-Хаята кырка тоо­сунан чыгышты, Кичи-Анюй дарыясынын өрөөнүнөн түндүк-чыгышты карай Анадырь дарыясынын башаты­на чейин 1300 кмге созулуп, Колыма дарыясынын ала­бын Тынч океандын алабынан бөлүп турат. Түштүк-батыш бөлүгүнүн рельефинде платолор, орто бийиктеги (1500–1800 м) кыска кырка тоо­лор ж-а граниттүү массивдер басымдуу. Түндүк- чыгышында өтө тилмеленген орто бийик кыр­ка тоолор ж-а массивдер жайгашып, тектоникалык ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик жери 1903 м (Омсукчан кырка тоосунда). Коркодон ж-а Олой дарыяларынын аралыгында плато сымал зор Омолой массиви өзгөчөлөнүп турат. Негизги кен байлык­тары: алтын, калай, сейрек металл кендери, таш ж-а күрөң көмүр, ысык суу булактары. Өрөөн­дөрүн ж-а тоо этектерин кара карагайлуу сей­рек токой ээлеп, 500–800 м бийикте бадалдуу ж-а мамык чөп-эңилчектүү тоо тундрасы м-н ал­машат (Колыма тайпак тоосунун 2/4 аянтын ээлейт). Өрөөндүн таманына жайылма токою мүнөздүү. Лыжа ту­ризми өнүккөн.