КОЛХОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 23 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛХОЗДОР , к о л л е к т и в д ү ү ч а р б а, а й ы л ч а р б а а р т е л и – СССРдеги жарым мамлекеттик ири айыл чарба ишканасы. Дыйкандардын эмгеги коомдош­турулуп, негизги өндүрүш каражаттары, жер мамлекеттик менчик болуп калган. Колхоздор 1929–37-жылдарда кол­лективдештирүү процессинин негизинде түзүлгөн. Колхоздорду түзүүнүн максаты айыл чарба продукция­сын өндүрүү ж-а бөлүштүрүү процессин мамлекет көзөмөлгө алып, натуралдык ж-а майда товар­дык укладды коомдоштурулган айыл чарба продукция­ларынын ири товардык өндүрүшү м-н алмаш­тыруу болгон. Колхоздор совхоздор м-н катар эле социалисттик экономиканын негизги агрардык өндүрүшү болуп кала берген. 1917–29-жылдарда «колхоз» термини көп учур­да бардык эле коллективдүү чарбаларда – айыл чарба коммунасы, жерди шериктешип иштетүү, айыл чарба, балык уулоо, аң-уулоо ж. б. артелдерде колдо­нулган. ВКП(б) БКнын «Коллективдештирүүнүн темпи ж-а мамлекеттин колхоз курулушуна жардам берүү чаралары жөнүндө» (1930, январь) токтомунда колхоздордун негизги формасы – айыл чарба арте­ли таанылган. Артель эмгекти коомдоштуруу­нун ж-а өндүрүш каражаттарынын эң жогорку баскычы болуп, товардык өндүрүштүн өз ыктыя­ры м-н биригүүсүнө мүмкүндүк берген эмес. Колхоздордун түзүлүшү м-н дыйкандын менчигинде тамы, чарба курулуштары, эмгек шаймандары, мал жандыктары калган. Колхоздорго кулактардын ка­тарына кирбеген 16дан жогорку жаштагы дый­кандар кабыл алынган. 1930-жылдын башын­да колхоздор дыйкандардын унаа-шаймандары ж-а ма­лынын негизинде түзүлгөн ишкана катары бир айыл-кыштакты бириктирип, 400 гага жакын айдоо аянтты ээлеген. Колхоздордо эмгекти уюштуруу­нун негизги формасы узак мөөнөткө бекитилип берилген жер участкасына ж-а эң керектүү өндүрүш каражаттарына ээ болгон колхозчулар коллективи – туруктуу өндүрүштүк бригада бол­гон. Жер иштетүү Машина-трактор станция­сынын (1929-жылы түзүлгөн) күчү м-н ишке ашкан. Формалдуу түрдө колхоздорду башкаруунун жогорку формасы болуп колхозчулардын жалпы жыйна­лышы, анда башкармалыктын төрагасы ж-а тек­шерүү комиссиясы шайланган. Иш жүзүндө бар­дык чечимдер партиялык ж-а мамлекеттик органдардын ка­туу көзөмөлүндө болгон. Колхоздордун башкармалы­гынын башчылыгына партиянын райкомунун түздөн-түз көрсөтмөсү м-н адамдар дайындалган. Колхоздор м-н мамлекеттин өз ара мамилеси алгачкы мезгилде контрактациялык келишимдин неги­зинде түзүлгөн. Эгин тапшыруунун көлөмү мамлекеттик пландын негизинде түзүлгөн. Мамлекет­ке айыл чарба продукциясын сатуу мамлекет тарабы­нан кызуу колдоого алынган. Колхозчулар өнөр жай продукциясын сатып алуу фондусунан төмөнкү баада алышкан. Бардык мамлекеттик план аткарыл­гандан кийин гана колхозчуларга эмгек күнгө карата кирешелер бөлүштүрүлгөн. Колхозчулар өздөрүнө керектүү азык-түлүктөрдүн басымдуу бөлүгүн көмөкчү чарбаларында өндүрүшкөн. Жеке менчиктин калыбына келүү коркунучун жоюу үчүн колхозчулардын «ашыкча» жерле­рин ар дайым кесип турган. Чектөөнүн негизги формасы салык салуу болгон. Улуу Ата Мекен­дик согуш колхоздорго чоң сокку урган. 1941–45-жылдарда айдоо аянттары 20%ке кыскарган. Колхоздордо негиз­ги күч болуп аялдар ж-а өспүрүмдөр калган. Жакыр жашаган колхозчулар шаарларга кетүүгө мажбур болуп, шахтада, курулушта ж. б. иш­теген. 1953-жылы И. В. Сталин дүйнөдөн кайткан соң, айыл чарба өндүрүшүндө колхозчуларды эмгекке кызыктыруу, экономикалык өз алдынчалыкты күчөтүү, көмөкчү чарбаларды колдоо ж. б. иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мамлекетке тапшырылуучу айыл чарба азык-түлүктөрүнүн нормалары кескин кыскары­лып, мамлекет тарабынан сатып алуунун баа­сы кыйла көтөрүлгөн. 1957-жылы эт-сүт продук­циясын өндүрүүнү жогорулатуу планы киргизи­лип, 3–4 жылдын ичинде АКШны кууп жетип, ашып кетүү иш-чараларын жүргүзүү милдетте­ри айыл чарбага жүктөлгөн. Колхоздор кошуп жазуу ыкмасы­на өтүп, ошондой эле дыйкандардын ири мүйүздүү мал­дарын мамлекет күчтөп сатып ала баштаган. 1956–60-жылдарда жеке дыйкан чарбаларында малдын саны кескин кыскарган. Натыйжада өлкөдөгү азык-түлүк абалы начарлап, элдик нааразычы­лыктарга ж-а толкундоолорго алып келген. 1964-жылы колхозчулар улгайганына байланыш­туу пенсияга чыгуу (эркектер 65, аялдар 60 жа­шынан) укугуна ээ болуп, 1966-жылдан ай са­йын эмгек акы ала баштаган. Колхозчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн стимулдаштыруу үчүн 1970-жылдардын аягынан мамлекет коллек­тивдүү подряд системасын киргизген. 1974-жыл­дан колхозчуларга советтик жаран катары паспорт берилген. Колхоздорго мамлекет тарабынан инвестиция­лык салымдын көлөмү тынымсыз көбөйгөн. 1966–80-жылдарда айыл чарба продукциясынын өсүү темпи төмөндөгөн. Жыл сайын колхоздорго жардам иретинде шаарлардан жумушчу күчү тартылган (айрык­ча түшүмдү жыйноо мезгилинде), бирок бул иш­-чара колхоз түзүлүшүн кризистен алып чыга алган эмес. 1982-жылы азык-түлүк программасы кабыл алынып, агрардык секторду индустриялык негизде модернизациялоо каралып, убактылуу өз жемишин берген. 1980-жылдардын 2-жары­мында масштабдуу түрдө коллективдүү, үй­бүлөлүк ж-а индивидуалдык ижаралык подряд киргизилген. 1990-жылдары айыл чарба техникасына, күйүүчү майга, электр энергиясына болгон баа­лардын өсүшү м-н колхоздор өндүргөн продукцияга баа төмөндөгөн. 1990-жылдардын башында көптө­гөн колхоздор ж-а совхоздор акционердик коомго айла­нып, алардын бир бөлүгү жоюлуп кеткен.
Кыргызстанда массалык коллективдештирүү дый­канчылык зоналардагы 6 райондо (Араван, Ба­зар-Коргон, Беловодск, Кемин, Ысык-Көл жээ­ги, Талас) жүргүзүлүп, 108 колхозго 36630 чар­баны тартуу каралган. Ар бир колхозго дыйкан­дардын 30–150 кожолугун бириктирүү көрсө­түлгөн. Колхоздоштурууга көмөк берүү комис­сиялары, комитеттери уюшулуп, артелдерди уюшту­руу боюнча саясий штабдар түзүлгөн. 1928–29-жылдарда республикада 535 колхоз, 10 совхоз уюшулган. 1930-жылы Кыргызстанда 81 982 чарбаны бириктирген 687 колхоз уюшулуп, дыйкандардын ж-а мал­чылардын 37,2%ин түзгөн. Кээ бир райондордо (Чүй, Кара-Балта) коллективдештирүү үч айда («аша чабуу» жолу м-н) жүргүзүлгөн.


Ад.: Венжер В. Г. Колхозный строй на современном этапе. М., 1966; Зеленин И. Е. Аграрная политика Н. С. Хрущёва и сельское хозяйство. М., 2001.

К. Алымкулов.