ИСЛАНДИЯ (арал)
ИСЛА́НДИЯ (Island – мөңгүлүү өлкө) – Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан арал. Анда Исландия мамлекети жайгашкан.Исландия (исл. Ísland) — Түндүк Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү, Түндүк уюл аймагына жакын жайгашкан. Ал Гренландия менен Норвегиянын ортосунда орун алган жана ошол эле аталыштагы мамлекетке таандык. Түндүгүнөн Гренландия деңизи, чыгышынан Норвегия деңизи менен; батышында Гренландиядан 280 км кеңдиктеги Дания бөлүп турат. Геологиялык жактан арал Америка континентине жакыныраак, бирок саясий жана тарыхый-маданий жактан Европа бөлүгүнө кирет. Исландия аралынын жалпы аянты 103 миң км². Ал дүйнөдөгү аралдардын ичинен 18-орунда, ал эми Европада (Улуу Британиядан кийин) экинчи орунда турат. Дүйнөдөгү эң ири вулкандык арал болуп эсептелет. Аралдын калкы 321 857 адам (2013-жыл). Аралдын дээрлик бүт аймагы 2 кмге чейин көтөрүлгөн вулкандык платодон турат. Ал океанга карай тик түшүп, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 500 м. Көптөгөн активдүү вулкандар (Гекла, Аскья, Лаки ж.б.), гейзерлер, ысык булактар жана лава талаалары аралдын дээрлик бүт аймагын каптайт. Аралдын эң бийик чокусу — Хваннадальсхнукюр (2109,6 м). Аянттын олуттуу бөлүгү — 11,8 миң км² — мөңгүлөр менен капталган. Көлдөр жана мөңгүлөр аймактын 14,3%ын ээлейт, ал эми өсүмдүктөр 23% гана жерде өсөт. Эң ири көлдөр: Тоурисватн (суу сактагыч) (83–88 км²) жана Тингвадлаватн (82 км²). Аралдын борбордук бөлүгү — вулкандар, кумдуу жана лавалык талаалар, бийик тоолор жана мөңгүлөр жайгашкан чөлдүү аймак. Бул жерде негизинен 500–1000 м бийик платолор басымдуулук кылат. Адам жашоосу үчүн ылайыктуу жерлер аралдын 1/4 бөлүгүн гана түзөт.Алар: жээктеги түздүктөр жана өрөөндөр. Аралдын чыгыштан батышка узундугу 480 км, ал эми түндүктөн түштүккө 307 км. Геологиялык түзүлүшү: Түндүк Америка плитасы менен Евразия плитасы бири-биринен ажырап, Орто-Атлантика кырка тоосун түзөт. Түндүк Америка жана Евразия литосфералык плиталарынын ажырашынан пайда болгон жер кыртышынын жаракасы бар. Исландия аралы Түндүк Атлантиканын глобалдык тектоникалык жаракасынын кырка бөлүгүндө жайгашкан. Бул зонада Түндүк Америка жана Евразия литосфералык плиталары бири-биринен ажырап турат. Арал негизинен базальт жана башка лава катмарларынан түзүлгөн. Бул лавалар төмөнкү миоцен доорунан азыркы учурга чейин, акыркы 20 миллион жыл ичинде акырындан агып чыккан. Лава катмарларынын калыңдыгы 7 кмге чейин жетет. Исландиянын вулкандары: Бул жерде орто эсеп менен ар үч жылда бир жолу жанар тоо атылат. Аралдын аймагында активдүү вулкандар (мисалы, Гекла, Лаки), гейзерлер жана ысык булактар жайгашкан. Литосфералык плиталардын тынымсыз ажырашынан улам бул жерде дайыма вулкан атылуулар жана жер титирөөлөр болуп турат. Вулкан атылуулар кээде Исландиянын өзүндө гана эмес, анын жээгиндеги океан түбүндө жана майда аралчаларда да болот. 1783-жылы Ватнайёкюдль мөңгүсүнүн түштүк-батышында жайгашкан. Лаки вулканы атылган учурда Жер тарыхындагы эң ири лава агымынын бири пайда болгон. 1963-жылы суу астындагы вулкан атылып, жаңы Сюртсей аралы пайда болгон. Бул өлкөнүн эң түштүк чекити болуп калды. 1973-жылы Хеймаэй аралында вулкан атылып, Вестманнаэйяр шаарынын калкы эвакуацияланган. Бирок Исландияда классикалык борбордук типтеги вулкандар анча мүнөздүү эмес. Бул жерде көбүнчө жарака (трещинный) типтеги вулканизм кездешет. Мунун айкын мисалы — Лаки вулканы. Ал чыныгы вулкан эмес, жер кыртышындагы ири жарака болуп, ага катып калган лава толгон. Гекла вулканы — Исландиядагы эң белгилүү вулкан. Анын туура конус сымал формасы Рейкьявиктен даана көрүнөт. Исландиялыктар үчүн ал Япониянын Фудзиямасы сыяктуу улуттук символу болуп эсептелет. Эсья вулканы Рейкьявиктен дээрлик бардык жерден көрүнгөн узун тоо кыркасын түзөт. Элдик уламыштарда ал ташка айланган алп аял деп айтылат. Илимпоздор болсо аны катмарланып каткан лава агымдарынан түзүлгөн тоо деп эсептешет. Снайфедльсйёкюдль вулканы — Исландиянын батышындагы Снайфедльснес жарым аралында мөңгүнүн астында жайгашкан. Катла — акыркы атылуулары 1918, 1934 жана 1955-жылдары болгон. Мөңгүнүн астындагы активдүүлүк муздун эришине жана суу ташкындарына алып келет. Эйяфьядлайёкюдль — активдүү вулкан, 2010-жылы күчтүү атылуу болгон. Гримсвётн — акыркы жолу 2011-жылы атылган. Гейзерлер — Исландияда вулкандык активдүүлүк менен байланышкан термалдык булактар өлкөнүн бардык аймагына таралган (250дөн ашык). Сольфатаралар — жер кыртышындагы жаракалардан жогорку температурадагы күкүрттүү газ жана күкүрт суутек газдары бөлүнүп чыккан аймактар — жаш вулканизм болгон жерлерде гана кездешет. Эң белгилүү атылып чыккан булак — Улуу Гейзир (Great Geysir). Дал ушул аталыш кийин бардык гейзерлер үчүн жалпы ат катары колдонулуп калган. Ысык булактардын энергиясы Исландияда кеңири колдонулат. Үйлөрдү жылытуу үчүн (мындай үйлөрдө калктын 85%дан ашыгы жашайт), бассейндерге жылуу суу берүү үчүн, күнөсканаларды (теплицаларды) жылытуу үчүн колдонулат. Топурактары — Жээктеги түздүктөрдө жана төмөн платолордо салыштырмалуу түшүмдүү топурактар таралган, мөңгүлөрдүн чет жактарында көбүнчө саздак топурактар кездешет. Исландиянын топурактары бир нече типке бөлүнөт: жарым-жартылай минералдык, лёсс тибиндеги топурактар; вулкандык күл менен байытылган саздак топурактар; шамал аркылуу пайда болгон чаңдуу жана кумдуу топурактар. Бул топурактардын өзгөчөлүгү — вулкандык күлдүн көп болушу жана табигый шарттардын катаалдыгы. Исландияда адамдар отурукташканга чейин (болжол менен 1100 жыл мурун) аралдын 2/3 бөлүгүн өсүмдүктөр каптап турган. Кайың токойлору болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен дээрлик бардык токойлор кыйылган, койлордун көп багылышы топурактын эрозиясына алып келген. Азыркы учурда өлкөнүн көп бөлүгү тундрага окшош же өсүмдүк дээрлик жок ландшафт болуп калган, өсүмдүктөр өлкөнүн 1/4 бөлүгүнөн азын гана каптайт. Ички платолор дээрлик толугу менен өсүмдүксүз. Табигый токойлор түштүктө жана тоо өрөөндөрүндө сакталып калган, бирок алар өлкө аймагынын 1% гана түзөт. Жасалма токой өстүрүү иштери XX кылымдын башында башталган. Азыркы учурда ийне жалбырактуу дарактар отургузулууда жана токойлорду көбөйтүү боюнча чоң долбоорлор жүрүп жатат. Өсүмдүктөр дүйнөсү бай эмес — болгону 440 түр жогорку өсүмдүк катталган. Мохтор жана чөптөр басымдуулук кылат. Кеңири таралган өсүмдүктөр: армерия, карлик тал, таш жаргыч (камнеломка), чөптөр, вереск, суукка чыдамдуу бадалдар жана ийри-буйру кайыңдар. Катуу шамалдан улам көп дарактардын сөңгөгү ийри өсөт. Киргизилген түрлөрдүн ичинен Сибирь кедр карагайы жана Сибирь лиственницасы жакшы көнгөн. Исландияда сойлоп жүрүүчүлөр жана жерде-сууда жашоочулар жок. Жапайы кургактагы сүт эмүүчүлөр аз: алгачкы мезгилде жалгыз жергиликтүү — тундра түлкүсү болгон. Кийин бугулар, ак коён алып келинген, чычкандар менен келемиштер кокусунан келген. Кадимки түлкү жана америкалык норка да кездешет. Куштардын 350гө жакын түрү бар, алардын көпчүлүгү Түндүк Европага мүнөздүү. Эң кеңири тараган деңиз кушу — Атлантика тупиги (puffin). Мөңгүлөр: Исландия аралынын жалпы аянты болжол менен 103 миң км², анын 11,8 миң км² бөлүгүн мөңгүлөр каптайт. Эң ири муз каптоочу мөңгү (Европада гана эмес, көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң чоңдордун бири) — Ватнайёкюдль. Ал аралдын түштүк-чыгышында жайгашкан. Анын аянты 8300 км². Бул кеңири муздуу плато болуп, анын аймагында сегиз жерде өчкөн, активдүү вулкандардын чокулары “тешип чыккан”. Башка ири мөңгүлөр: Хофсйёкюдль Лаунгйёкюдль (аралдын ички бөлүгүндө) Мирдальсйёкюдль жана Эйяфьядлайёкюдль (түштүктө жайгашкан, активдүү вулкандарды каптап турат). Исландиянын мөңгүлөрү — Европадагы азыркы мөңгүлөрдүн эң ири аймагы болуп эсептелет. Жээк сызыгы: Исландия аралынын жээк сызыгынын узундугу болжол менен 4970 км түзөт. Аралдын түндүк-батыш, түндүк жана чыгыш жээктери фьорддор менен кесилген. Бул аймакта көптөгөн булуңдар жана фьорддор бар, алардын ичинде: Фахсафлоуи, Брейда-фьорд, Иса-фьорд, Хунафлоуи, Скага-фьорд, Эйя-фьорд, Эхсар-фьорд, Тистиль-фьорд, Баккафлоуи жана Вопнафьордюр. Ал эми түштүк жана түштүк-батыш жээктери кумдуу болуп, табигый порттор дээрлик жок. Тарыхы: Исландия б. з. ч. IV кылымда белгилүү болгон (Массалиядан чыккан Пифейдин сырдуу Туле аралына жасаган экспедициясы менен байланыштуу). Бирок аралдагы алгачкы туруктуу отурукташуу IX кылымдын башында ирландиялык монахтар тарабынан башталган. Монахтардын жазууларына ылайык, аралда мурдагы байыркы отурукташуунун эч кандай изи табылган эмес. Ирландиялык монахтар кийин Исландияга келген викингдер тарабынан сүрүлүп чыгарылган. Викингдер бул аймакка 874-жылы келишкен. Ошол мезгилде Батыш Норвегиядан чыккан викинг Ингольфр (Ингольф) Арнарсон өзүнүн адамдары менен азыркы Исландиянын борбору — Рейкьявик шаарын негиздеген.
Колдонулган адабияттар:
Зденек Кукал. Великие загадки Земли / Пер. с чеш., ред. и предисл. В. И. Войтова. — М.: Прогресс, 1989. — 396 с.
Геншафт Ю. С., Салтыковский А. Я. Исландия: Глубинное строение, эволюция и интрузивный магматизм. — М.: ГЕОС. — 363 с. — ISBN 5-89118-098-7.
Серебрянный Л. Р. Страна огня и льда. — М.: Географгиз, 1959. — 32 с. — (Рассказы о природе).