ИРЛАНДИЯ (арал)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:44, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРЛА́НДИЯ – Британ архипелагындагы арал. Аянты 84 миң км2. Атлантика океаны менен чул­ганат, Улуу Британия аралынан Ирланд деңизи, Түндүк жана Ыйык Георг кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аралдын борбордук бөлүгүн түздүк, чет жакаларын тоолор (бийиктиги 1041 мге чейин), түндүк-чыгышын Антрим платосу ээлейт. Негизги дарыясы – Шаннон. Көлү көп. Шалбаа, верещатниктер мүнөздүү. Аймагынын көп бөлүгүндө Ирландия мамлекети, түндүк-чыгышында Улуу Британиянын бир бөлүгү – Түндүк Ирландия (Ольстер) жайгашкан. Ири шаарлары: Дублин, Белерась.