ИРЛАНД ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:41, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРЛА́НД ДЕҢИЗИ Атлантика океанында; Улуу Британия менен Ирландия аралдарынын аралыгында. Аянты 47 миң км2. Эң терең жери 197 м. Океан менен Түндүк деңиз жана Ыйык Георг кысыктары аркылуу туташат. Ири аралдары: Мэн, Англ­си. Суунун температурасы кышында 5°С, жайында 16°Сге чейин. Туздуулугу 34–34,5‰. Шторм тез­-тез болуп турат. Суткасына 2 жолу (8,4 мге че­йин) ташкындайт. Балык (сельд, килька, трес­ка, анчоус) кармалат. Башкы порттору: Ли­верпул (Улуу Британия), Дублин (Ирландия).