ИОНИЯ ДЕҢИЗИ
И́ОНИЯ ДЕҢИЗИ – Жер Ортолук деңизинин борбордук бөлүгү. Балкан, Апеннин жарым аралдары менен Крит, Сицилия аралдарынын аралыгында. Адрия деңизи менен Отранто, Тиррен деңизи менен Мессина кысыктары аркылуу туташат. Аянты 169 миң км2. Эң терең жери 5121 м. Ири булуңдары: Патраикос, Коринф, Таранто. Чыгышында Иония аралдары жайгашкан. Суунун температурасы февралда 14°Сден августта 25,5°Сге чейин. Туздуулугу 38‰. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги 0,4 мге чейин). Балык (скумбрия, кызыл тунец, камбала, кефаль) кармалат. Башкы порттору: Патры, Керкира (Грекия), Таранто, Катания (Италия).