ИО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИО (Iо) – Юпитердин жандоочусу. 1610-жылы Га­лилей ачкан. Чоң жарым огу 421600 км, диа­метри 3630 км, тыгыздыгы 3570 кг/м3. Ио менен Европанын, Айдын өлчөмү бирдей, ал эми Га­нимед менен Каллистодон кичине. Америкалык «Вояд­жер» космос аппараты тарткан Ионун бетинин

Файл:ИО58.png
Ио бетиндеги активдүү жанартоолор.

сүрөтүндө бийиктиги 9 кмге чейин аска сыяктан­ган тектердин бетин каптап жаткан ачык түстөгү күкүрттүү катмар, атылып турган жанар тоолор жакшы көрүнүп турат. Ио бетинде жаңы кат­марлар пайда болуп турат жана кызгылтым тем­гилдер да бар, алар түпкүрдөн бууланып чык­кан туздар деп божомолдонот. Анын адаттан тышкары өзгөчөлүгү – аны курчап турган калың газ булуту. «Пионер-10» космос аппаратынан алынган маалыматтар боюнча Ионун сейрек атм­осферасы жана ионосферасы да бар.