ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ
ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ – көзгө көрүнбөгөн инфракызыл нурланууну пайдаланууга негизделген приборлор, түзүлүштөр, системалар. Инфракызыл нур техникасына инфракызыл нурду аныктоочу жана өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытылган нерсенин температурасын алыстан өлчөөчү, жашырын сигнал берүүчү, жер бетинде жана космосто байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме ж. б.) алардын инфракызыл нур чыгаруусу боюнча аныктоочу приборлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; инфракызыл нурду кабыл алгыч жана анын булагы, инфракызыл нурду бөлүп алуучу чыпкалар ж. б. кирет. Инфракызыл нур техникасы радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө жана түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын жана планеталардын атмосферасын изилдөөдө, Жердин жылуулук балансын өлчөөдө, өнөр жайда – жыгач, лак, сыр капталган буюмдарды кургатууда; аскердик иште – караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук локациясында, башкарылуучу снаряддарды бутага өзүн-өзү багыттоодо колдонулат.