ИНТЕРНАЦИОНАЛ (Ысык-Ата районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:43, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРНАЦИОНА́Л – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Интернационал айыл окру­гуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чыгыш Чүй каналы өтөт. 1984-жылы Боз-Бармак жана Фриденфельд кыштактары кошулуп, Интернационал аталган. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 4192 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгек­тенет. Орто жана башталгыч мектеп, клуб, китеп­кана, бала бакча бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соо­да түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт.