ИНДУКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 24 Июнь (Кулжа) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДУ́КЦИЯ (лат. inductio – сөзмө-сөз – кел­тирүү) – фактылардан кандайдыр бир гипотеза­га (түкшүмөл ырастоого) алып келүүчү ой кору­тундусу, башкача айтканда мурдагы тажрыйбага таянып, бай­коонун жана эксперименттердин болочок натый­жасын алдын ала билүүгө байланышкан жал­пылоонун түрү. Индукция толук жана толук эмес болуп айырмаланат. Жалпылоо акыр аягына чейин камтылган фактылардын тармагына тийиштүү болсо, толук индукция деп, ал эми жалпылоо факты­лардын бүтпөгөн же акыр аягына чейин кам­тылбаган тармагына тийиштүү болсо, ал толук эмес индукция деп аталат. Толук индукцияга караганда то­лук эмес индукция пайдалуу, себеби ал белгилүү фак­тылардан белгисиз фактыларга өтүүгө мүмкүндүк берет жана анын жардамы менен адамдын таанып­ билүүсү кеңейет (к. Дедукция).