ИПОТЕКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 8 сентябрь 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИПОТЕ́КА (гр. hypothe′ke – күрөө) – 1) күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк. Ссуданы камсыздоо­чу күрөө кредиторго берилбейт‚ колунда калат; күрөөгө коюлган мүлк ипотека китебине катта­лып‚ пайдаланууга тыюу салынат; 2) кыймыл­сыз мүлктүн күрөөгө коюлганын тастыктаган күбөлүк.