ИЕРУСАЛИМ
ИЕРУСАЛИ́М (байыркы еврейче И е р у ш а л а и м, арабча А л ь - К у д с) – Израилдеги шаар. Администрациялык жактан аты окшош округду түзөт. Жер Ортолук деңизден 60 км чыгышта, Жансыз деңизден 30 км батышта, бөксө тоолуу чөлдө, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Иудейлердин, христиандардын, мусулмандардын диний («ыйык») борбору. Калкы 936,4 миң (2020); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар эки (эски жана жаңы) бөлүктөн турат.

Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%и) түзөт. Иерусалим – заманбап жогорку техника өндүрүшүнүн борборлорунун бири. Эл аралык жана израилдик ири концерндер [анын ичинде «Intel» жана «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)], тиричилик электр-техникалары, фармацевтика, текстиль, булгаары – бут кийим, жыгаччылык (анын ичинде эмерек), курулуш материалдар, ишканалары жана салттуу полиграфиялык, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн. Алгач биздин заманга чейин 2-кылымдын ортосунан эскерилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, Александр Македонский державасы, Байыркы Рим,

Византия, Селевки мамлекети, Араб халифаты, Айюбилер жана мамлюктардын башкаруусунда болгон. 16-кылымдын башынан Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. 1917-жылы декабрда англиялык аскерлер басып алган. 1920–48-жылдарда Англиянын мандаты менен башкарылуучу Палестинанын администрациялык борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча 1947-жылдын 29-ноябрынан БУУнун башкаруусу менен өз алдынча администрациялык бирдик болууга тийиш эле, бирок 1948–49-жылдардагы араб-израил согушунан кийин Иерусалимдин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тийген. 1950-жылы январда Израил өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамлекеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-жылы июлдун башында Израиль Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-жылы Иерусалимди бүт Израилдин «түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар – азыркы Иерусалимдин тарыхый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Анда Кудайдын табыты ротондасы, Муң (Плач) дубалы (Экинчи Храм талкаланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687–691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11–12-кылымдардын чиркөөлөрү, цитадель (14–16-кылымдар), Ыйык Иаков монастыры (12-кылым; байыркы баалуу китептер сакталууда), падыша Давиддин табыты (4-кылым; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-кылымдын ортосунан курулууда. Университет комплекси, китепканалар, Улуттук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искусство жана археология эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» медициналык борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын жана камералык музыка (1997) фестивалдары, Л. Беристайн атындагы музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
Ад.: Кацнельсон М. Иерусалим – город трех религий. СПб., 2001; Все столицы мира. Энциклопедический справочник. М., 2004; Носенко П. В. Иерусалим. Три религии. Три мира. М., 2006.