ИВАНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́НОВКА – Чүй облусунун Ысык-Ата районун­дагы кыштак. Кең-Булуң айыл аймагына караш­туу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кант шаарынан 21 км чы­гыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 6 км. Кыштак 1890-жылы негизделген. Калкы 18 047 (2025). Жоопкерчилиги чектелген жана мамлекеттик акционердик коомдор, сугат башкармалыгы, «Ысык-Ата Торг» өндүрүш комплекси, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, райондук оорукананын филиалы иштейт. Эки орто жана 3 башталгыч мектеп, 2 китепкана, 2 бала бакча, 2 клуб, стадион бар. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.