ЗИМБАБВЕ
ЗИМБА́БВЕ , З и м б а б в е Р е с п у б л и к ас ы – Африканын түштүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө.

Түндүк-чыгышынан жана чыгышынан Мозамбик, түндүк-батышынан Замбия, түштүгүнөн Түштүк Африка Республикасы, батышынан Ботсвана менен чектешет. Аянты 390, миң км2. Калкы 16,6 млн (2024). Борбору – Хараре шаары (1982-жылга чейин – Солсбери). Расмий тилдери – англис, шона жана ндебеле тилдери. Акча бирдиги – Зимбабве доллары. Администрациялык-аймактык жактан 8 провинцияга бөлүнөт; ошондой эле Хараре, Булавайо шаарлары да провинциялык статуска ээ. Провинциялар 59 округга, округдар 1200 муниципалитетке бөлүнөт.
Бириккен улуттар уюмунун (1980), Африка союзунун (2002), ЭВФтин (1980), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Таблица кетет!!!
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)(1995), Африка биримдиги уюмунун (1980), Чыгыш жана Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Түштүк Африка өнүгүү коомдоштугунун (1992), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1980), ЭВФтин (1980) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Зимбабве – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (Р. Г. Мугабе; 1980-жылдан премьер-министр, 1987-жылы премьер-министрлик кызмат жоюлган соң, республиканын президенти, 2002-жылы кайрадан шайланган). Президент 5 жылдык мөөнөткө жалпы добуш берүү жолу менен шайланат. Ал өкмөттү да жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы – эки палаталуу парламент. Парламент Сенаттан жана Улуттук ассамблеядан түзүлөт.
Негизги саясий партиялары: Зимбабве Африка улуттук союзу – Патриоттук фронту (1963-жылы уюшулган; партиянын биринчи катчысы – Р. Мугабе), Демократиялык өзгөртүүлөр үчүн кыймыл (2000-жылы түзүлгөн оппозициялык партия; төрагасы – М. Цвангираи).
Табияты. Аймагын дээрлик Матабеле жана Машона платолору ээлейт; алардын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 800–1500 м, эң бийик жери 2596 м (Иньянга тоосундагы чоку). Платолор түндүктө Замбези, түштүктө Лимпопо дарыяларынын өрөөндөрүн карай тепкичтенип жапыздайт. Зимбабве хром рудаларынын жана платина тобундагы металлдардын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда; ошондой эле алтын, темир кендеринин мааниси зор. Климаты түндүк


бөлүгүндө субэкватордук, түштүгүндө тропиктик. Эң жылуу айынын (январь) орточо температурасы 21–27°С, эң серүүн айыныкы (июль) 10–17°С. Жылдык жаан-чачыны түштүк-батышында 300–750 ммден, чыгышында 1250 ммге чейин. Дарыялары Замбезинин жана Лимпопонун алаптарына кирет. Замбези дарыясынын ортоңку агымында Кариба суу сактагычы курулган. Саванналуу сейрек токой басымдуу; түштүк-батышына чөлдөшкөн саванна мүнөздүү. Иньянга тоосунун чыгыш капталын дайыма жашыл нымдуу токой жана тоо шалбаасы ээлейт. Виктория-Фолс улуттук паркы уюштурулган. Бир нече резерват жана заказник бар.
Калкынын басымдуу бөлүгү (97,9%) африкалыктар – бантулар (шона, матабеле, ндебеле, лоза, тонга ж. б.), ошондой эле европалыктар (100 миңге жакын), мулаттар да бар. Христиан (30%) жана салт болуп калган жергиликтүү динди (60%) тутат.

Калктын табигый өсүүсү ИЖОС (СПИД) эпидемиясына байланыштуу (15–54 жаштагылардын 20%ке жакыны ВИЧке чалдыккан) төмөн (0,6%; 2007). Бала төрөлүү (1000 кишиден 27,7) өлүм-житимден бир аз гана (21,8) жогору. Курактык структурада эмгек жашындагылар (15–64) басымдуу, 59,3%; өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 37,2%; 65тен ашкандар 3,5%. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 32,2 киши. Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы – 39,5 жаш (эркектериники – 40,6, аялдарыныкы – 38,4). Шаар калкы 32%. Ири шаарлары: Хараре (1607 миң), Булавайо (713,3 миң), Гверу (148,9), Читунгвиза (352,2), Мутаре, (193,6). Экономикалык активдүү калктын (4 млн) 66%и айыл чарбасында, 24%и тейлөө чөйрөсүндө, 10%и өнөр жайында эмгектенет.
Тарыхы. Зимбабве аймагын адамдар таш доорунан мекендеген. Темир дооруна таандык Гокомере, Леопардс-Копье, Зива эстеликтери белгилүү. 12-кылымда Зимбабве аймагында Мономотапа мамлекети пайда болгон. 19-кылымдын аяк ченинде өлкөнү Улуу Британия басып алган соң, англиялыктар Зимбабвени Түштүк Родезия деп атаган. 1953-жылы Түштүк Родезия Родезия жана Ньясаленд федерациясынын курамына кирген. Антиколониялык кыймылдын күч алышынын натыйжасында Улуу Британия өкмөтү федерацияны таркатып, 1964-жылы Түштүк Родезия (Замбия) менен Ньясаленддин (Малави) көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Бийлик ак расанын аз сандуу өкүлдөрүнүн колунда болгондуктан, Түштүк Родезиянын башында турган Я. Д. Смит бир тараптуу түрдө көз карандысыз өз өкмөтүн жарыялаган (11. 11. 1965). Бирок эл аралык уюмдар аны тааныган эмес. 1978-жылы Я. Д. Смит ички кырдаалды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү элдик кыймылдын өкүлдөрү А. Т. Музорева жана Н. Ситоле менен келишүүгө аргасыз болуп, 1979-жылы парламенттик шайлоо өткөргөн. Африка элинин Патриоттук Фронту шайлоого бойкот жарыялагандыктан, шайлоонун негизинде Музорева – Смиттин коалициялык өкмөтү түзүлүп, Зимбабве – Родезия республикасы жарыяланган. Бирок аймакта куралдуу күрөш муну менен эле токтоп калган эмес. 1980-жылы 18-апрелде көз карандысыз Зимбабве Республикасы жарыяланган жана шайлоодо Зимбабве Африка улуттук союзу партиясы жеңишке жетип, өкмөттү Р. Мугабе жетектеп, 1987-жылы өлкөнүн президенти болуп (1996-жылы экинчи мөөнөткө) шайланган. 90-жылдары өлкөнүн экономикасын модернизациялоо боюнча бир катар реформалар жүзөгө ашырылса да, 1997- жана 1998-жылдарда Мугабенин бийлигине каршы кыймылдар башталганына карабастан, 2000-жылы парламенттик шайлоодо Зимбабве Африка улуттук союзу – Патриоттук фронту жеңишке жетишкен. 2002-жылы Р. Мугабе өлкө башчысы болуп калган.
Экономикасы. Зимбабве 1990-жылдардын аягына чейин Африкадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгон; экономикасынын негизин айыл чарбасы, кен казып алуу жана туризм түзгөн. 2000-жылдардын башында терең кризиске учураган. 1999–2005-жылдарда бүт чарба тармактарында өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге төмөндөгөн. 2006-жылы ИДПнин көлөмү 25,1 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 2000 доллардан туура келген. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 59,4%, өнөр жайыныкы 22,9%, айыл чарбасыныкы 17,7%. Зимбабведе 40тан ашык кен казып алынып, ИДПнин 4,5%ин, экспорт-

тун 1/3 бөлүгүн түзөт. Кен байлыгынын ичинен экономикасында платина тобундагы металлдар, алтын, хромит, алмаз маанилүү орунду ээлейт. Зимбабве платина тобундагы металлдардын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда (Түштүк Африка Республикасы, Россия Федерациясынан кийинки); жылына 12 миң т (5 миң тдан ашыгы платина, 4 тдан ашыгы палладий) казып алынат. Негизги кендери: Мимоса, Нгези. Алтын негизинен Квекве, Хараре, Шуругви, Булавайо аймактарынан казылып алынат (2006-жылы 14 тдан ашык). Хромиттин запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда (Түштүк Африка Республикасы, Казакстандан кийинки). 2005-жылы 600 миң тдан ашык хромит казып алынган (ТАР, Казакстан жана Индиядан кийин 4-орунда турат). Ошондой эле алмаз (Мурова, Чолочо; 251 миң кар), темир (Квекве; 377 миң т), литий (Масвинго; 37,5 миң т), көмүр (Хванге) 2,9 млн т) ж. б. казылып алынат. 2004-жылы 9,4 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн; эң ири ГЭСи – Замбези дарыясындагы Кариба ГЭСи; ошондой эле ЖЭСтер да иштейт. Негизги өнөр жай ишканалары: металлургия жана металл иштетүү, автомобиль, химия, нефть ажыратуу, тамеки, тамак-аш, текстиль, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, эмерек ж. б. Айдоо жер өлкөнүн аймагынын 8,2%ин ээлейт; 1,7 миң км2 жери сугарылат. Экспорттук негизги өсүмдүгү – тамеки; ал 2000-жылы 227,8 миң т жыйналса, 2005-жылы 65 миң тга чейин (кирешеси 75%ке) кыскарган. Башка экспорттук маанилүү өсүмдүктөрү: пахта, бал камыш; маанилүү азык-түлүк өсүмдүктөрү: жүгөрү, ошондой эле маниок, жер жаңгак, буудай, соя, жашылча жана жемиш, негизинен апельсин, банан), чай, кофе, күн карама, арпа ж. б. Келечекте экспорт үчүн гүл (негизинен чеге гүл, атыргүл) өстүрүүгө багыт алды. Эт жана сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. 2004-жылы 5,4 млн бодо мал, 3 млн эчки, 0,6 млн кой болгон. Кургакчылык жана цеце чымынынын көптүгү айыл чарбасына көп зыян келтирет.
Темир жолунун жалпы узундугу 3,1 миң км, анын 313 кми электрлештирилген (2005). Автомобиль жолунуку 97,4 миң км. Хараре, Булавайо шаарларында

эл аралык аэропорт бар. Замбези дарыясы (негизинен Мозамбикке хромит ташылат) жана Кариба суу сактагычы аркылуу кеме каттайт; порттору: Бинга, Кариба. Нефть куурунун узундугу 212 км (Бейра, Мозамбик – Мутаре). Товардык экспортунун наркы 1,8 млрд доллар, импорттуку 2,1 млрд доллар (2006). Экспортко алтын, платина, феррокуйма, айыл чарба продуктуларын (негизинен тамеки, пахта, кант), текстиль, гүл чыгарып, сырттан машина жана анын тетиктерин, нефть жана нефть продуктусун, химикат, азык-түлүк сатып алат. Негизги соода шериктери: ТАР, Кытай, Япония, Замбия, Нидерланд, Германия, Ботсвана.
Маданияты. 1980-жылга чейин билим берүү иши расалык дискриминация принцибинде болгон. Жергиликтүү калктын жана европалыктардын балдары бөлөк окутулган. Жогорку окуу жайлары: Хараредеги Родезия университети (1955-жылы негизделген) жана Хараре политехникалык институту (1927). Ири музейлери: Булавайодогу улуттук Зимбабве музейи, Хараредеги Улуттук галерея жана башкалар. Ири китепканалары: Парламенттик китепкана, Калк китепканасы, Университеттик китепкана жана башка. Англис тилинде «Геральд», «Кроникл», «Санди мейл», «Санди ньюс» жана башка гезиттер чыгат. Массалык маалымат каражаттары трести (акционердик коом; негизги капиталы мамлекетке таандык) Зимбабве Африка өлкөлөр аралык маалымат агентчилигине (ЗИАНА) карайт. Мамлекеттик радио уктуруу жана телекөрсөтүү кызматы иштейт.

Ад.: Железный век Африки. М., 1982; Краснопевцева Т. И. Зимбабве М., 1988; Республика Зимбабве: Справочник. М. 1985; Зимбабве // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.