ЗЕРГЕР (Өзгөн районундагы кыштак)
ЗЕРГЕР – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жазы айыл аймагына караштуу. Зергер суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1323 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 30 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 71 км. Калкы 1494 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.