БАЗИЛИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗИЛИКА (грекче Ьазіlікḗ – падыша үйү) – ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты – нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида – чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.

Базилика
Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы