БИСКВИТ (сырдалбаган фарфор)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИСКВИТ с ү р ө т и с к у с с т в о с у н д а (французча – bisqeit) – сырдалбаган фарфор. Көркөм керамикада ак көзөнөкчөсүз, күңүрт, жылтырабаган фарфор жана андан жасалган нерселер. Бисквит майда айкелдик иштерге материал катары колдонулат. Кээде литофания үчүн жана идиш (карапаларды) жасоодо рельеф колдонулат. XVIII кылымдын ортосунан тартып андан Германияда, кийин Россияда, Францияда, Данияда сарай кызматтары үчүн столдун скульптуралык топтору жасалган. XIX кылымдын жарымында пайда болгон саргыч түс менен айырмаланган мрамор париан деп аталат, кара: Керамика.