ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САЯСАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 21 август 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САЯСАТ – экономикалык саясаттын курамдык бөлүгү. Мамлекет ж-а чар­бакер субъекттер тарабынан инвестициялардын структураларын ж-а масштабдарын белгилөө, аларды пайдаланууга багытталган артыкчы­лыктарды, алуу булактарын аныктоо түрүндө жүргүзүлөт. Кыргызстандын экономикасын турук­таштыруу ж-а көтөрүү, ал түгүл андагы олут­туу структуралык кайра түзүүлөр, узак депрес­сия абалына каршылык көрсөтүүнү камсыз кы­луу инвестиция процессин жандандыруусуз мүмкүн эмес.