ДУАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 15 апрель 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУА́ЛА – Камерундагы шаар. Жээк провинция­сынын административдик борбору. Калкы 2,7 млн (2015). Өлкөнүн башкы соода, өнөр жай борбору ж-а деңиз порту. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, текстиль, жыгаччылык, металл иш­тетүү өнөр жайы иштейт.