БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 11 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ – кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физикалык чоӊдуктардын негизги жана туунду бирдиктеринин тобу. Ал физикалык чоӊдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физикалык чоӊдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги н е г и з г и б и р д и к деп аталат. Ошондуктан чоӊдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мисалы, узундуктан (L), массадан (M) жана убакыттан (Т) түзүлгөн чоӊдуктардын LMT системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мисалы, МКС (негизги бирдиктери: м, кг, сек); СГС (бирдиктери: см, г, сек); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, сек). Мында системалардын белгиси (мисалы, МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары боюнча түзүлөт. Алгач бирдиктер системасын 1832-жылы немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары мм, мг жана сек кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теӊдемелери боюнча табылат. 1851-жылы немец физиги Вебер Гаусстун бирдиктер системасын электрдик чоӊдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-кылымдын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери см, г жана сек болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физикалык изилдөөлөр үчүн абдан ыӊгайлуу болгондуктан, 1881-жылы Биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган жана ушул эле конгрессте механикалык, электрдик жана магниттик чоӊдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-жылы италиялык окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги А (ампер) алынган (МКСА). МКСке термодинамикалык температуранын бирдиги (К) кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-жылы Францияда МТС системасы (м, т, сек) кабыл алынган. 19-кылымдын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (м, кг-күч, сек) системасы колдонулуп келген. Бул система техникада кеӊири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин техникалык системасы деп аталат. Бирдиктер системасы жана көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык илимий жана экономикалык катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-кылымдын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдиктер системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү жөнүндөгү макулдашууга 1960-жылы гана 11-генералдык конференцияда чен жана салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук – м, масса – кг, убакыт – сек, электр тогунун күчү – А, температура – К, жарык күчү – кд, заттын саны – моль киргизилген. СИ жөнөкөй жана бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-жылдан баштап колдонулган. Теориялык физиканын айрым бөлүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) жана англиялык физик Д. Хартри түзүшкөн.

Ад.: Бурдун Г. Д. Единица физических величин. 4изд. М., 1967; Бурдун Г. Д., Марков Б. Н. Основы метрологии. 2-изд. М., 1975.

М. Байбосунов.