БИРИНЧИ ИМПЕРИЯ
БИРИНЧИ ИМПЕ́РИЯ – Францияда Консулдук башкаруудан (1799–1804) кийинки Наполеон I башкарган (1804–1814 жана 1815) ири мамлекет. Консулдук режимдей эле Биринчи империя мезгилинде империялык бийлик Француз революциясынын жеӊип алууларын жойгонго аракеттенген, бирок анын натыйжасында пайда болгон буржуазиялык түзүлүштү бекемдеп, аскердик диктатураны орноткон. Биринчи империя кыйрагандан кийин Францияда Бурбондордун монархиясы калыбына келтирилген.