БИРИНЧИМАЙ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИМАЙ – Жалалабат облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Кеӊеш айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар- Коргон кыштагынан 8 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. Деӊиз деӊгээлинен 815 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 3900 (2002); негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, соода борбору, мечит, мончо бар.