БИТИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 12 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү


БИТИР – орозону жыйынтыктоо учурунда ар бир мусулман пендеси бере турган садага. Куран боюнча Битир берүү мусулмандардын ыйык милдеттеринин бири. Орозо кармаганына же кармабагандыгына карабастан, мусулман үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн Битир орозо айтка чейин төлөнгөн. Анын өлчөмү (4 кадак буудайдын баасы, башкача айтканда 1 кг 610 г) жыл сайын буудайдын баасына жараша жергиликтүү мечит тарабынан белгиленет. Битирдин эсебинен негизинен колунда жок жакыр, жетим-жесир жана багар-көрөрү жок адамдарга жардам берилет.