БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫКОКУУ ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:04, 13 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫКОКУУ ЖАЙЫ – жалпыга билим берүүчү мектептердин ырдоо сабагынын орто билимдүү мугалимдерин даярдоочу окуу жайы. Музыкалык жана башталгыч мектептер бөлүмү бар. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 15-июлундагы токтомунун негизинде ачылган. Уюштурулгандан бери окуу жайын 3000ден ашуун (2004) ыр мугалими жана балдар бакчасынын музыкалык тарбиячылары бүтүргөн. 2005–2006-окуу жылында 379 студент окуган.