БОДЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 14 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Бодлер Ш. П.
Бодлер Ш. П.

БОДЛЕ́Р Шарль Пьер (09.04.1821, Париж – 31.08.1867, ошол эле жер) – француз акыны жана жазуучу. Француз символизмине чыйыр салган. Чыгармалары 1840-жылдын орто ченинен жарыялана баштаган. Ал Э. Понун «Жасалма бейиш» (1860) китебин которгон. Ошондой эле романтикалуу живопись жөнүндөгү сериялардын, күндөлүк дептерлердин, «Сыр ачкан жүрөк» (1855– 1866), «Каргашалуу гүлдөр» (1857), «Кара сөздөгү ырлар» (1869), «Париждеги маанай чөгүү» аттуу чыгармалардын автору. Аталган чыгармаларында Бодлер коомдогу зомбулук менен наадандык сыяктуу терс көрүнүштөрдү ачып берген. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында модернизмдин алгачкы жышааны катары маданий чөйрөдө аны «каргыш тийген акын» деп аташкан. Романтизмдин элементтерин бириктирүү менен катар символизмдин негизинде «Парнас» мектебин ачкан. Бодлер романтикалык поэзияны өркүндөтүүдө үн менен ыргакты айкалыштырууда өзгөчө басым жасаган. Анын чыгармаларын П. Ф. Якубович, И. Ф. Анненский, В. Я. Брюсов, Вяч. И. Иванов, ж. б. орус тилине которгон. Ж. Медералиева, К. Качкынбаева.