БОДУ~Н ДЕ КУРТЕН
БОДУЭН ДЕ КУРТЕНЭ Иван Александрович [01 (13). 03. 1845, Польша, Разимин – 03. 11. 1929, Варшава] – орус-поляк тилчиси, славян, индевропа жана жалпы тил илими боюнча адис; Казан, Петербург лингвистикалык мектептеринин негиздөөчүсү. Казан (1875–1883), Юрьев (азыркы Тарту, 1883–1893), Краков (1893–1899), Петербург (1900–1918), Варшава (1918–1919) университеттеринин профессору Краков ИАнын академиги (1887) жана Петербург ИАнын корреспондент мүчөсү (1897). Анын негизги эмгектери фонетикалык алмашуулар менен фонеманын теориялык түзүлүшүнө арналган. Изилдөөлөрүндө синхрония менен диахронияны ажыратуу принциби сакталып, тилдин өнүгүшүндөгү айрым мыйзам ченемдер аныкталган. Ал – орус жана поляк тили, түштүк славян диалектологиясы боюнча баалуу эмгектердин автору. В. И. Далдын «Азыркы улуу орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү» аттуу эмгегин редакторлоп, аны жаӊы материалдар менен толуктаган (3-бас. 1903–1909; 4-бас. 1912–1914), тилди «коллективдүү-индивидуалдуу маӊыздагы психосоциалдык кубулуш» катары аныктаган. Дүйнөлүк тил илиминде алгачкылардан болуп тилдин элемент бирдиктери өз ара аркыл карымкатыштагы система катары түшүнүүнү теориялык жактан негиздеген. Фонема жана тыбыштардын алмашууларын негиздеген теориялык жоболору аркылуу тил илимине сиӊирген эмгеги зор.