БОЗКАРАГАН 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:46, 1 Июль (Теке) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗКАРАГАН 1 – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Коӊурдөбө айыл өкмөтүнө караштуу. Гүлчө суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊг. 1565 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш-нан 7 км батыш тарапта. Ош темиржол бекетинен 80 км. Калкы 1005 (2002); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, балабакча, медпункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.